АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин жана украин лидери Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Каролайн Ливитт билдирди.
“Орусия тарап Трамп менен жолугушуу каалоосун билдирди, президент Трамп Путин менен да, Зеленский менен да жолугушууга ачык”, - деп айткан Ливитт.
Fox News телеканалынын маалымдашынча, шаршембиде Москвага келген АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффко Путин Трамп менен жолугушуу каалоосун билдирген.
Трамп Ак үйдөгү брифингде “жолугушуу жакынкы убакта болушуна жакшы мүмкүнчүлүк бар экенин” билдирди.
“Азаттыктын” Европадагы дипломатиялык чөйрөдөгү булактары “Путин менен Трамптын жолугушуусуна даярдык башталды көрүнөт” деп айтып берди. Ал эми New York Times гезити өз булактарына таянып, аталган жолугушуу кийинки аптада болушу мүмкүн экенин маалымдады.
Ал тапта Кошмо Штаттардын президенти Украинадагы согуштун аяктоо мөөнөтү боюнча божомол айтпай турганын, бул маселеде бир нече жолу көңүлү калганын кошумчалады.
Трамп Индиянын артынан орус мунайын сатып алган өлкөлөргө жаңы санкциялар салынышы мүмкүн экенин кайталады. Ал мындай өлкөлөрдүн катарында Кытай болушу мүмкүндүгүн четке каккан жок.
Шерине