Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Өкмөт мобилдик аппараттарды каттоону УКМК көзөмөлдөрүн билдирди


Министрлер кабинети мобилдик аппарттарды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү токтомун кабыл алды.

“Токтомго ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялоочу орган, Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси катары, ал эми “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп аныкталды”, - деп айтылат билдирүүдө.

2024-жылдын 25-июнунан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталган. Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган. Ага ылайык, Мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар пайдаланып жүргөн телефондор системага акысыз катталары белгиленген. Чет өлкөдөн алынган кол телефондордун ээлери www.imei.kg. сайтында катташы керек. Кол телефондун IMEI-коду катталганын *#06# санын терип билүүгө болот. Телефондун IMEI-коду анын кутусунда, корпусунда жана аккумулятордо көрсөтүлөт.

Кыргызстанда колдонуудагы мобилдик телефондордун саны тууралуу статистика жок. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG