Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Жапаров сынга кабылган ЖМК мыйзамына кол койду


Президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражаты юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн кийин маалымат таратууга укуктуу экенин, ЖМКнын иши негиздөөчү же соттун чечими менен гана токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн экенин билдирди.

2024-жылы март айынын башында Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилерине жолугуп, ЖМК менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Көп өтпөй мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору артка кайтарылган.

2022-жылдан бери талаш-талкуу жаратып келаткан долбоор артка кайтарылгандан кийин аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү, эркин журналисттер, юристтер кирген жумуш топ түзүлгөн.

Ал иштеп чыккан документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейин ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, жумушчу топ иштеп чыккан вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталган.

Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыккан. Бул вариант Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өткөн.

Бирок мыйзам долбоору 25-июнда Жогорку Кеңештен бир топ өзгөртүүлөр менен кабыл алынган. Анда өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш деген норма киргизилип, жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы көрсөтүлгөн.

Мындай өзгөртүүлөрдү депутаттар Айбек Маткеримов, Алишер Эрбаев, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулу сунуштаган.

Жогорку Кеңеште 25-июнда өткөн жыйынында депутат Элдар Абакиров бул мыйзам долбоорунакөз карандысыз журналисттер, юристтер каршы экенин эскерткен.

"Журналисттер президентке, парламентке кайрылуу жасаган экен, көрсөңүздөр керек. Ошол жерде бир моментти окуп жатам, талкуу бүткөндөн макулдашылган варианттар алынып калган экен. Өзгөчө журналисттин укугун, эркиндигин коргогон пункттар алынып, жок болуп калды. Анын ордуна "Министрлер кабинети өзү чечет" деген пункттар кирип калды дейт?", - деген Абакиров.

ЖМК мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков буларды айткан эле:

"ЖМК боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн үч жумушчу топ түзүлгөн. Акыркысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көз карандысыз журналисттер, медиа уюмдардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ эки жылдан бери ар бир берененин үстүнөн иштеп чыкканбыз. Бардыгын камтыган ченемдерди сунуштап, макулдашып алып чыккан соң, ушул мыйзам долбоору кабыл алынса деген каалообузду айтканбыз. Тилекке каршы, биз сунуштаган редакция эмес, 1-окууда өзгөртүүлөр киргизилген, бир кыйла катаалдашкан мыйзам долбоору кабыл алынып отурат", - деген ал.

Отурумга катышкан Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары Марат Тагаев мындай чочулоолорго негиз жок экенин айткан:

"Жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтөт. Биз өзгөртүү киргизген эмеспиз, депутаттар өздөрү сунуштап, өзгөртүү киргизилген. Экинчи окуудан алар ЖМКларды каттоо боюнча сунуштарын беришкен".

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, жарандык коом менен эркин медиа өкүлдөрү президент Садыр Жапаровду парламентте өзгөртүүлөр менен кабыл алынган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырган. Алар документ кабыл алынса сөз эркиндигине, көз карандысыз ЖМКларга кедергисин тийгизе турганын билдиришкен.

Бирок соңку жылдары өлкөдөгү сөз эркиндиги, медиалардын ишмердигине байланыштуу көптөгөн чочулоолор айтылып келет. Буга акыркы мезгилдеги медиа жана журналисттерге байланыштуу кабыл алынган мыйзамдар да себеп болууда.

Дал ушул демилгелерден улам медиа коомчулук жана бир катар эл аралык уюмдар өлкөдө сөз эркиндигине олуттуу тоскоолдуктар жаралганын белгилеп, бийликти мындай демилгелерден баш тартууга чакырып келет. Расмий бийлик сунушталган мыйзамдарды тармакты иретке салуу аракети деп, өлкөдө сөз эркиндиги бар деген позицияны кайталап келүүдө.


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG