АКШ президенти Дональд Трамптын ондогон мамлекеттерге соода тарифтерин жогорулатуу чечими бейшембиден тарта күчүнө кирди. Буга чейин Америкага товар ташыган өлкөлөр 10%дык импорттук салым төлөсө, мындан ары ал көрсөткүч эселеп жогорулады. Эң жогорку 50%дык тариф Бразилиянын товарларына киргизилсе, Лаос менен Мьянма 40%, Швейцария 39%, Ирак менен Сербия 35% тарифти төлөшү керек болот. Американын ири соода өнөктөштөрү Индия 25%, Вьетнам 20%дык тарифке кабылса, дагы 21 мамлекет 15%дан жогору төлөмөй болду.
Эл аралык соодага ондогон, жүздөгөн жылдарга таасир эте турган чечим деп сыпаттаган эксперттер жаңы тарифтер Американын экономикасына да терс кесепетин тийгизээрин эскертип жатышат.