Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев 7-августта өткөргөн онлайн кеңешмеде айрым судья, сот кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин сынга алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку соттун төрагасы айрым судьялардын пара менен кармалып, этикага туура келбеген жүрүм-туруму жалпы сот тутумуна шек келтирип жатканын айтты. Ал сот кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерге барып жатканына областук, райондук соттордун төрагалары да моралдык жактан жооптуу экенин эскертти. Сатиев судьялардын эмгек акысы жогорулап, материалдык-техникалык база чыңдалып, бардык шарт түзүлгөнүн белгиледи.
Июнда Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева былтыр ага кайрылгандардын басымдуу бөлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишине нааразы болуп, даттанганын билдирген.
Кыргызстанда 2023-жылы Судьялар кеңеши башкы прокурордун сунуштарынын негизинде мурда иштеп кеткен жана кызмат ордунда турган алты судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берип, мындай чара үч судьяга карата колдонулган. Андан тышкары сегиз судья жумуштан алынган.
Судьялар кеңеши 2024-жылы тогуз судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берип, алардын бешөөнө жаза чегерилген. Бир катар судьялар пара алууга шек саналып, кармалып, камакка алынган. Айрымдары көп өтпөй соттон акталып чыкканы кабарланган. 2025-жылы дагы бир нече судья пара алууга шектелип кармалган. (TSh)