Коопсуздук кеңешинин жыйыны алдында Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху 7-октябрга чейин Газа тилкесинде жөөт армиясынын көзөмөлү орнотулат деген ниетин билдирген. Британия, Австралиянын лидерлери Израилдин планын айыптап, андан чукул арада баш тартууга үндөштү. Айрым маалымат булактары Израилдин аскер башчысы да бул планга каршы чыгып, чектелүү жерлерди көзөмөлдөө планын сунуштаганын кабарлашты. Ушу тапта Газа тилкесинин 75-80% Израил армиясынын көзөмөлү астында.
Нетаньяхунун 7-октябрга чейин Газа тилкесинен бардык палестиндерди эвакуациялоо планы Израилдин өзүндө да нааразылык жаратып, жакындары Батышта террордук уюм деп табылган ХАМАСтын жоочулары тарабынан барымтага алынгандар бул план кризисти тереңдетип, алааматка алып барат деп билдиришти.
2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган террордук кол салуудан 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 148 туткун аман-эсен кайтарылды. Дагы 50дөй израилдик туткундун 20сы тирүү экени кабарланган.