"Эркин медиалар чектелет". Жапаров ЖМК мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам маалымат каражаттарын милдеттүү каттоодон өткөрүү, медианы түзүүдө чет өлкөлүк уюмдардын катышын чектөө сыяктуу бир нече нормаларды камтыган.

Бирок журналисттер аталган мыйзамда бир катар жоболор катаалдашканын билдирип, бул өлкөдө сөз эркиндигин чектөөнү күчөтөрүн айтууда. Мындан улам медиа коомчулук, эл аралык уюмдар президентке мыйзамга кол койбоого чакырган. Бирок кыргыз бийлиги медиа коомчулуктун сунушуна кулак каккан жок.

Дээрлик эки жылдан бери талкууланып келген “Жалпыга маалымдоо каражаттары” мыйзамына президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам өлкөдөгү жалпы медиа каражаттарына тиешелүү болуп, журналисттер чөйрөсү узак убакыттан бери андан “кулак кагыш” болуп келген.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражаты юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн кийин маалымат таратууга укуктуу экенин, ЖМКнын иши негиздөөчү же соттун чечими менен гана токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн экенин билдирди.

Ошондой эле өлкөдө маалымат каражатын түзүүдө чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга уставдык капиталдагы акциялардын, үлүштөрдүн 35 пайыздан ашуунуна ээлик кылууга, колдонууга, башкарууга тыюу салынары көрсөтүлгөн.

Дагы караңыз Фейк үчүн 20 миңден 65 миң сомго чейин айып. Талаштуу мыйзамга кол коюлду

Мындан ары Кыргызстанда маалымат каражаттары милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш. Тагыраагы, интернет басылмалар, YouTube-канал, подкасттар, даректүү видеолорду даярдагандын баары маалымат каражаты катары каттоодон өтүш керек. Буга чейин интернет ресурстар каттоодон өтпөстөн эле иш алып барып келген. Ошондой эле өлкөдө иш алып барган эл аралык медиалардын ишмердигин тескөөгө жаңы мыйзам жол ачты.

Буга кошумча өлкөдө цензураны тыюу, кызматтагы адамдардын, анын ичинде ЖМКнын негиздөөчүлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө тыюу салуучу жоболор камтылган.

Президент 7-августта кол койгон мыйзамды алгач өкмөт сунуштаган. Бирок журналисттер жана жарандык коом мыйзам долбоору "сөз эркиндигин чектейт" деген жүйө менен каршы чыгышкан.

2024-жылы март айынын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилерине жолугуп, ЖМК менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Көп өтпөй мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору артка кайтарылган.

Дагы караңыз "Мээнет талаага кетти". Медиа өкүлдөрүн нааразы кылган ЖМК мыйзамы

Долбоор артка кайтарылгандан кийин аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү, эркин журналисттер, юристтер кирген жумуш тобу түзүлгөн. Бул жумушчу топ мыйзамдын мунасалык долбоорун иштеп чыгып, парламентке сунуштаган.
Бирок медиа чөйрөсү парламентте документтин экинчи окууда кароо маалында айрым депутаттардын сунушу менен жумушчу топ иштеп чыккан көптөгөн нормалар өзгөртүлүп, баштапкы варианттан “теңирден тескери” мыйзам кабыл алынганына тынчсызданышкан.

Жумушчу топтун мүчөсү, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков бул кырдаалга кабатырланып, өлкөдөгү медианын кысмакка алып, сөз эркиндигин чектөөчү мыйзам болуп калганын айткан жайы бар.

"Бизди мына ушул сыяктуу жоболор кабатыр кылып, сындап чыкканбыз. Анда журналисттердин жоопкерчилигин күчөткөн беренелер бар болчу. Журналист же ЖМК кайсы бир саясатчы же башка жарандын айткан сөздөрүн жарыялаганы же бөлүшкөнү үчүн деле жоопко тартылмак. Жумушчу топко киргенде биз бул кооптуу жоболорду сөз эркиндигин чектебей тургандай, эл аралык нормаларга ылайыктап, жазып чыкканбыз".

Бир жылдан ашуун убакыт иштеген жумуш тобунун мээнети текке кеткенин анын мүчөсү, журналист Кайыргүл Урумканова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.

“Эки жылга жакын медиа коомчулук күрөшкөн иштин баары таштанды кутусуна ыргытылды”.

Дагы караңыз "Комментарий үчүн да редакция жооп берсин". ЖМК мыйзамы биринчи окуудан өттү

Бирок бийлик өкүлдөрү мындай тынчсызданууга негиз жоктугун айтып, тескерисинче журналисттер иштеши үчүн жаңы мүмкүнчүлүк болорун айтып келет. Маданият, маалымат министринин орун басары Марат Тагаев мындай чочулоолорго негиз жок экенин айткан:

"Бул мыйзам долбоорунда мурдагы бир чекиликтер алынып салынды. Биз бул документти жарандык коом менен иштеп, бир да үтүрүн өзгөртпөй парламентке киргизгенбиз. Эгер мыйзам чийки болсо, аны өзгөртүүгө депутаттардын укугу бар. Дал ушул депутаттардын сунушу менен бираз гана өзгөртүлүп кабыл алынып отурат”, - деген Тагаев.

Бийликтин минтип жооктотконуна карабай парламент дал ушул мыйзам долбоорун кабыл алган соң өлкөдөгү журналисттер, бир катар эл аралык уюмдар президентке кайрылып, мыйзамды артка кайтарууга чакырган.
Алсак, Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирген.

HRW сайтына чыккан маалыматта медиага тиешелүү документ бийликке ЖМКны каттоодон баш тартуу, алардын ишине тоскоолдук кылып, соттун чечими жок эле жаап коюуга шарт түзө турганы айтылган. Дал ушундай эле тынчсызданууну бир нече эл аралык уюм жарыялаган.

Мындай кайрылууларга Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине курган маегинде жооп кайтарып, “Ал мыйзам менен тааныша элекмин. Таанышкандан кийин же кол коем же каршы пикир менен артка кайтарам”, деген болчу.

Дагы караңыз "Айып төлөсүн". Пикир жазгандарды ооздуктаган жаңы мыйзам

Президенттин бул туюк жобунан кийин журналисттер чөйрөсүндө мыйзамга кол койбой калабы деген үмүт айтылып жаткан. “Чекит.кж” медиа долбоорунун жетекчиси Асел Сооронбаева мыйзамга кол коюлгандан кийин эркин маалымат каражаттарынын эртеңи бүдөмүк абалда калганын сыпаттады:

“Талкуу болуп жатканда президент мен карап көрөм деп үмүт берген. Бирок президент кол койду. Эми көптөгөн эркин медиалар кооптонуп турат. Анткени, аларды каттоодон өткөрөбү деген чочулоо күч. Бул журналисттик этиканы сактап, эркин иш жүргүзгөн медиалар кооптонуп жатабыз. Эми бул мыйзам боюнча Министрлер кабинети жоболорду иштеп чыгышы керек экен, аны күтөбүз”.

Эми президент кол койгон мыйзам 15 күн ичинде күчүнө кирет. Андан соң бул мыйзамды иштөө алгоритмдерин аныктоо боюнча Министрлер кабинети атайын жобо даярдап чыгышы керек.