Женнифер Лопестин Казакстан менен Өзбекстандагы концерттери үчүн канча каражат жумшалганы расмий жарыяланган жок. Ал эми Арменияда ага бюджеттен миллиондогон доллар коротулганы коомчулукта нааразылык жаратты.
Бишкектин Көк-Жар-2 конушунда мыйзамсыз делген турак-жай курулуштары түрттүрүлүп жатат. Буга нааразы болуп топтолгон жарандардын айрымдарын милиция кармап кетти.
Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги корук аймагына жана канал боюна мыйзамсыз салынган курулуштар бузулууда. Мэрия алардын арасында саясатчыларга, мурдагы жетекчилерге таандык жайлар бар экенин билдирүдө.
Санкт-Петербург облустук бийлигинин жаңы токтомуна ылайык, мигранттарга такси жана жеткирүү кызматтарында иштөөгө тыюу салынды. Чечим күчүнө кире электе эле бул тажрыйбаны бүткүл Орусияга киргизүү сунушталууда.
Беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө айыпталган күйөөсү 18 жылга кесилди. Маркум келиндин жакындары шектүүнү өмүрүнүн аягына чейин камоону талап кылышкан.
Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайларында ондогон студенттин окуудан айдалышы билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Эксперттер бул көрүнүштү "жел студенттерге" каршы күрөш катары баалап жатса, атайын кызмат мыйзам бузууга шектүүлөрдү териштирүүдө.
Орусияда көзөмөл реестрине же "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңден ашты. Мигранттар бул реестрден чыгуу түйшүк жаратып жатканын, тоскоолдуктар бар экенин айтууда. Элчилик мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты дарыгерлери сабалган окуялардан улам бийлик башчыларына кайрылды. ЮНИСЕФ уюму Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатканын эскертти. Кыргызстан 12 жылдык окутууга өтүп, тиешелүү министрлик ага даярдыктарын дале улантууда.
ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатат. Эки жылга жакындап бараткан урушту токтотуу боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ал арада Израилдин тилкедеги рим-католик чиркөөсүнө урулган соккусун бир катар өлкөлөр айыптады.
Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты аталган оорукананын дарыгерлери сабалган окуяларга байланыштуу бийлик башчыларына видео кайрылуу жолдошту.
Аскер прокуратурасы Жалал-Абаддагы аскер бөлүгүндө асынган абалда табылган жоокердин өлүмүн иликтей баштады.
Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору ага бейтаптын жакындары кол салып, ооруканага түшкөнүн билдирди. Медиктердин кесиптик уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова дарыгер “тоскоол болбогула” деп суранганда, бейтаптын атасы кол көтөргөнүн айтты.
Дагы жүктөңүз