Депутаттар Текебаевдин маселесин көтөрүштү
Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү жана депутат Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга көңүл бурууну соттон талап кылууда. Депутаттар Текебаевдин күнөөсү жок экенин көрсөткөн беш жагдай бар экенин белгилеп, соттон ошол жагдайларга көңүл бурууну суранышмакчы. "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлардын арасында негизги арыз берген Маевскийдин көрсөтмөлөрүн төгүнгө чыгарган маалыматтар бар экенин билдирди. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "Орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Чыгарылыштар
-
Август 07, 2025
Матраимовдун өкүл баласынын каткан сыры кандай?
-
Август 07, 2025
Көк-Жар: Мыйзамсыз курулушту бузуп жатканда беш киши кармалды
-
Август 07, 2025
Талаштуу мыйзам медиа чөйрөнү кантип тескейт?
-
Август 07, 2025
Украинада урушту токтотуу: Трамп менен Путин жолугат
-
Август 06, 2025
Газа: Израилдин планы, палестиндердин абалы
-
Август 06, 2025
"Матраимов мени жок кылат". Сайпидиновдун талаштуу билдирүүсү