Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Орусия менен Украина бири-бирине абадан сокку урду


2-августта украин дрондорунун чабуулуна кабылган Краснодар аймагындагы мунай ишканалары
2-августта украин дрондорунун чабуулуна кабылган Краснодар аймагындагы мунай ишканалары

АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, орус-украин куралдуу күчтөрү ортосундагы ок атышууну токтотуу планын талкуулаганы менен, бейшембиде Москва Днепропетровск облусуна ондогон дрондору менен чабуул койсо, украин тарап Волгоград жана Краснодар аймагындагы мунайды иштетүү жайларына сокку урду. Краснодардагы ишканада чоң жарылуу болуп, андан чыккан өрт жергиликтүү темир жол каттамдарын үзгүлтүккө учуратты. Жарылуу болгон Афип мунай ишканасы быйыл эле 2,7 млрд. долларлык жаңылануудан өткөн. Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиге караган түнү украиналык 72 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирип, канчасы бутага тийгенин тактаган жок.

Ал тапта украин президенти Зеленский алдыда пландалып жаткан АКШ, Орусия, Украина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн утурлай Германия, Франция, Италиянын лидерлери менен телефондон байланышканын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG