Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 1-августта Баткенде аткезчиликке шек саналып үч адам (1994-жылы туулган Т.А.Т., 1985-жылы туулган К.З.К. жана 1999-жылы туулган Б.А.Р.) кармалганын кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар Кыргызстан менен Тажикстандын аймагындагы өткөрмө бекеттерден бажы жол-жоболорун аткарбай, товарларды чек аранын кайтарылбаган тилкелери аркылуу алып өтүүгө аракет кылган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 15 миллион сомдон ашык суммадагы товар жана аны ташууга колдонулган автоунаалар алынды.
Тажикстан менен чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.
Бул каргашалуу окуялардан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын толук жапкан. 13-мартта Бишкекте чек арага байланыштуу документтерге кол коюлгандан кийин ортодогу “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” чек ара бекеттери ачылган.
8-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарында Ош облусундагы “Карамык” жана “Бордөбө” көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши жандандырылды.
13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.
Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн. Ушул тапта Кыргызстан чек арага зым тартып жатат.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. (BTo)
Шерине