Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Ысык-Көлдө "Ала-Тоо резорт" курортунун курулушу башталды


"Ала-Тоо резорт" курорту курулуучу аймак.
"Ала-Тоо резорт" курорту курулуучу аймак.

Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо резорт" курортунун курулушунун башталышына президент Садыр Жапаров катышканын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров "Ала-Тоо резорт" курулушу - экономикага салым кошо турган ири туристтик долбоор экенин белгилеп, эл аралык стандарттарга жооп берген, төрт мезгил иштей турган эс алуучу жай болорун билдирди.

Президенттин маалыматында, долбоордун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа жолу, узундугу төрт чакырым аркан жолдору орнотулуп, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору, мейманканалар курулат. 5 миңге чейин туруктуу жумуш орду камсыз болуп, жылына 2 миллиондой турист кабыл алуу пландалган.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жыргалаңда туристтик шаарча курууга арналган 49 жер тилкеси ачык аукционго коюлуп, анын 14үнүн ээси аныкталды. Алардын баары кыргызстандык ишкерлер.

Садыр Жапаров ушул жылдын башында Орусиянын Алтай аймагындагы жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин, Жыргалаң–Ак Булак–Бозучук тоолорун бириктирип, ушундай лыжа базасы салынарын билдирген.

16-майда президент Садыр Жапаров Ак-Суу районундагы тоо-лыжа курорту мындан ары "Ала-Тоо резорт" тоо-лыжа курорту деп аталарын билдирди. Былтыр жайында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Министрлер кабинети лыжа базасын куруу үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан 1624,26 гектар жерди “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берген. (TSh)


Шерине

XS
SM
MD
LG